Талас шаарында уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-сентябрь күнү Талас шаардык милициянын нөөмөт бөлүмүнө М.К. аттуу жаран кайрылып, анда үйүнө ууру киргендигин билдирген.
Аталган факты боюнча Талас ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө үйдөн зер буюмдар, спорттук велосипед жана 1000 сом акчаны белгисиз адамдар айнегин сындырып, уурдап кеткендиги такталган. Үй ээсине олуттуу өлчөмдөгү 95 000 (токсон беш миң) сомдук чыгым келтирилгендиги аныкталган.
Аталган факты Талас ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.
Талас ОИИБдин жана Талас ШИИБдин кылмыш иликтөөбөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруусунун негизинде шектүү кармалган. Ал 1969-жылы туулган Талас районунун Көк-Ой айылынын мурда соттолгон тургуну Ш.А. болуп чыкты. 27-сентябрь күнү колго түшүрүлүп, Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу изоляторуна камакка алынган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 205-беренеси "Уурдоо, башкача айтканда олуттуу өлчөмдө бирөөнүн мүлкүн жашыруун түрдө, турак жайга, кызматтык же башка жайга, же болбосо транспорт каражатына кирүү менен бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдоо",- беренеси менен айыпталууда.
Аталган факты боюнча азыркы учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.