Сүлүктүдө милиция ар тараптуу кылмыштуулуктун алдын алууда

Сүлүктү шаарында милиция кызматкерлери калк арасында ар тараптуу кылмыштуулуктун алдын алууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сүлүктү ШИИБдин милиция кызматкерлери шаар аймагындагы тургундардын коопсуздугун көзөмөлдөө жана укук бузуулардын алдын алуу, батир уурулуктардын алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жарандар тарабынан берилген арыз-кайрылууларды жеринде чечкенге аракеттер көрүлдү.

Сүлүктү ШИИБдин милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө, Сүлүктү шаарынын аймагындагы тургундардын мал-жандыктарын талаада кароосуз калтырбоо жагы эскертилип, ар тараптуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД