Жапаров КМШ МБК жыйынына, "Борбордук Азия – Россия" саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров бүгүн Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) жыйынына, "Борбордук Азия – Россия" саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

КМШ МБК жыйыны УТРК, республикалык жана облустук каналдардын, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Түз эфир Бишкек убактысы боюнча саат 12:30да башталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД