№19 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери Нижне-Чуйск айылындагы атайын мектеп-интернаттын балдарына колдоо көрсөтүштү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Сокулук районунда жайгашкан №19 түзөтүү мекемесинин администрациясы Нижне-Чуйск айылындагы оорукчан балдар үчүн атайын башталгыч мектеп-интернатынын окуучуларына дагы бир жолу мектеп формасы түрүндө социалдык жардам көрсөттү.
Мындай колдоо атайын мектеп-интернаттын тарбиялануучулары үчүн, жалпы эле педагогикалык жамаат үчүн абдан маанилүү жана зарыл.