Акча алып, от казандарды алып келбей жүргөн компанияга кылмыш иши козголду

Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтеплокоммунэнерго" мамлекеттик ишканасынын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктары тууралуу текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын апрель айында "Кыргызтеплокоммунэнерго" МИде "Кыргызтеплокоммунэнерго" МИнин "Нарын МПТ" филиалына 2 даана КВм-2,5 МВт от казандарын сатып алуу конкурсу өткөрүлгөн. Анын жеңүүчүсү болуп "О.ц.З.К." ЖЧКсы табылган.

"Кыргызтеплокоммунэнерго" МИ менен аталган ЖЧКнын ортосунда жалпы суммасы 9 миллион 499 миң 840 сомдук жабдууларды алып келүү келишими түзүлгөндөн кийин жогоруда аталган коомго 50 пайыз өлчөмүндөгү жалпы суммасы 4 миллион 749 миң 920 сомду түзгөн алдын ала төлөм төлөнүп берилген.

Келишимдин шарттарына ылайык, "О.ц.З.К." ЖЧКсы 2022-жылдын 31-июлуна чейин от казандарды алып келүүгө милдеттүү болгон.

Бирок, аталган ЖЧКнын кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, көрсөтүлгөн мамлекеттик акча каражатын алып, жогорудагы от казандарды сатып алуу үчүн максаттуу пайдаланбастан, бул каражаттарды өзүнө ыйгарып алышкан. Натыйжада "О.ц.З.К." ЖЧКсы ушул күнгө чейин жогоруда аталган от казандарды сатып алуучунун - "Кыргызтеплокоммунэнерго" Мамлекеттик ишканасынын кампаларына жеткирбегендиктен, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД