Ала-Бел ашуусунда 2 унаа кагышып, 7 киши көз жумду

Бишкек – Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болду, арасында милиция жана Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери бар.

Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык Бишкек – Ош жолунун 210-чакырымында Ала-Бел ашуусунда болгон. Анда "Мерседес-Бенц" жана "Хонда Стрим" унаалары сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болду, анын ичинен Бишкек шаардык Октябрь райондук милициясынын кызматкери, милициянын майору К.Т.Б., андан тышкары, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №1 мекемесинин кызматкери С.у.Н. – "Мерседес-Бенцтин" айдоочусу бар.

Башка каза болгондор:

- 1949-жылы туулган жубайлар – О.К. жана И.К.

- "Хонда Стримдин" айдоочусу 1987-жылы туулган К.М.Д.

- 1965-жылы туулган аял К.Ф.Б.

- 2001-жылы туулган кыз У.К.С. жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

Ошондой эле ооруканада жаракат алган эки кыз КР ИИМ Академиясынын курсанты Б.А.Ж. 2003-жылы туулган кыз Б.А.Т. 2016-жылы туулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД