Кыргызстанда жашоо минимумунун көлөмү 13,5 пайызга көбөйдү

Кыргызстанда 2022-жылдын III кварталындагы орточо эсеп менен калктын адам башына алгандагы жашоо минимумунун жалпы республика боюнча 7 242,09 сомду түздү.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 13,5 пайызга өстү.

Жашоо минимумунун нарктык өлчөмүнүн өсүшү бардык региондордо белгиленди. Анын эң жогорку нарктык чоңдугу Жалал-Абад облусунда – 7 миң 495 сомду түзүп, республикалык орточо көрсөткүчтөн 10,8 пайызга жогорулады, ал эми эң төмөнкүсү – Талас облусунда 6 ми 584 сом өлчөмүндө түзүлүп, орточо республикалык деңгээлден 12,5 пайызга төмөн болду.

КР өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк баштыгынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккалды түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокту жана 71 грамм майды камтыйт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД