Ошто Швейцария өкмөтүнүн жаңы долбоорлору ишке кирет

Ошто Швейцария өкмөтүнүн жаңы долбоорлору ишке кирет . Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

13-октябрда Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова менен Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу жана пландалган программалардын, долбоорлордун алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Вице-мэр Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун жана жалпы калаа тургундарынын атынан швейцариялык тараптын жашоочулар үчүн ишке ашырып жаткан программалары жана долбоорлору үчүн ыраазычылык билдирди. "Биз сиздер менен тыгыз кызматташып жатканыбызга кубанычтабыз жана сиздер жигердүү колдоо көрсөтүп жаткан тармактарда, анын ичинде туризм, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деди Рыскулова.

Өз кезегинде Бангертер шаарда ишке ашыруу пландалган жаңы долбоорлор жана программалар тууралуу айтып берди. Ал Швейцария өкмөтү тарабынан Кыргызстанда жүзөгө ашырылып жаткан программаларды каржылоо кыскарбай турганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД