Монополияга каршы кызматы көмүр сатуучуларга бааны төмөндөтүүнү сунуштады

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун аймагындагы отун базаларында жана көмүр сатуу пункттарында текшерүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 13-октябрда Токмок шаарынын аймагындагы "Шабыркүл", "Кара-жыра" ЖЧКсынын отун базаларында жана көмүр сатуу пункттарында ошондой эле Бишкек шаарынын айланма жолунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Айланма жол боюнда сатуучулар менен түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Кара-Кече кенинин көмүрү тоннасы 5000-5400 сомдон сатылып жатканы аныкталган. Ташуучулар жана сатуучулар менен жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында баалар сатуучулар үчүн да, ташуучулар үчүн да тоннасына 4600 жана 4200 сомго чейин төмөндөтүлгөн.

Алсак, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Кече кенинен көмүрдү сатуунун сунуш кылынган жогорку чекене баасы сатуучулар үчүн бардык чыгымдарды эске алуу менен тоннасына 4600 сом (көмүр сатып алуу, күйүүчү май, амортизация, салыктар, эмгек акы ж.б.у.с.).

"Токмок шаарынын аймагындагы көмүр рыногунда абал туруктуу, учурда 3 отун базасы жана 7 стационардык көмүр сатуучу пункттар иштеп жатат. Көмүрдүн запасы 3060 тоннаны түзөт. Токмоктогу отун базаларында Шабыркүл жана Кара-Жыра кендеринен чыккан көмүрдүн чекене баасы тоннасына 5000 сомдон, Кара-Кече кенинин көмүрү тоннасына 4300-4400 сомдон сатылууда", - деп белгилешти монополияга каршы органдан.

Сатуучуларга монополияга каршы мыйзамдардын сакталышы, ошондой эле тиешелүү текшерүүдөн өткөн таразалары жана баа биркалары болушу боюнча эскертүүлөр берилди.

Бул багыттагы иштер улантылмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД