Бишкек шаарында бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт

18-октябрда саат 10:00-14:00 чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарада 70-тен ашуун ишкана-мекемелердин өкүлдөрү кесипкөй адистерди издешет жана Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы 3000ден ашуун бош жумуш орундарын сунуштайт.

Мындан сырткары 10 жогорку окуу жайлары жана 20 кесиптик лицейлер кадрларды даярдоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришет.

Иш-чарага катышкан иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен экспресс интервьюларды өткөрөт. Ал эми жогорку класстардын окуучулары ишканалар менен таанышып, кесипке багыт берүү тестинен өтүп, келечекте кесибин жана окуу багытын тандай алышат.

Бишкек шаарында бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында белгилүү, ийгиликтүү ишкерлер, ишкана негиздөөчүлөрү, тажрыйбалуу HR адистери жана мотивациялуу ийгилик тажрыйбасы бар спикерлер абитуриенттердин квалификациясын жогорулатуу максатында ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүшөт.

Ошондой эле жарандарга жумушка орношууга көмөк көрсөтүү, кесипке үйрөтүү жана иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер берилет.

Иш-чаранын негизги уюштуруучулары – Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы, JIA бизнес ассоциациясы.

"Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү даректерге кайрылыңыздар: Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын өкүлү, телефон: (755) 14-54-14", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД