Кызыл-Кыя шаарындагы тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери Кызыл-Кыя шаар аймагындагы орто мектептерде ата-энелерге туура эмес диний агымдар жаштарды туура эмес багытка буруп, коомдун коопсуздугун сактоодо глобалдык коркунуч жаратарын түшүндүрүп, алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө.
Кызыл-Кыя шаарында жалпысынан 29 мечит, 3 чиркөө, 2 медресе, 2 окуу борбору бар. Бул аймакта мектеп окуучулары арасында туура эмес диний агымга азгырылгандар жок.