Нарында милиция күнүнө карата спартакиада өткөрүлдү

Кыргыз милициясынын 98 жылдыгына карата Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын спартакиадасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-октябрь күнү Нарын шаарындагы борбордук "Ала-Тоо" стадионунда 1-ноябрь Кыргыз милициясынын 98 жылдыгына арналган Нарын ОИИБнин спартакиадасы жогорку деңгээлде өткөрүлүп жатат.

Иш-чарага облустук бийлик өкүлдөрү, облустук күч түзүмдөрү, ШРИИБдин начальниктери, Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков, ардагерлер жана бир катар мекеме жетекчилер катышышты.

Ал эми мелдеш башкармалыктын борбордук аппараты, милициянын кайгуул күзөт кызматы, жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматы, Нарын шаардык күзөт кызматы жана шаар, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган командалардын катышуусунда өткөрүлүп жатат.

Спартакиаданын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн Алмазбек Жумабеков, иш-чаранын максаты биринчиден Президент Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын эске алуу менен өздүк курам арасында ден- соолукту чыңдоо, спортту сүйүү, кызматкерлер бири-бири менен ынтымак, биримдикти бекемдөө, ички иштер органдарына жаңы кирген жаш кадрларга туура багыт алуусуна шарт түзүп берүү, жарандардын коомдук коопсуздугун сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө ар дайым күжүрмөн даярдыкта болуусун, спорт менен машыгуусун баса белгилеп,алдыда келе жаткан 1-ноябрь Кыргыз милициясынын 98 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан оюнга катышкан командаларга ийгилик каалап өттү.

Иш-чара спорттук оюндун беш түрү ( футбол, волейбол, теннис, аркан тартыш, 400м аралыкка чуркоо) боюнча жалпы 10 команда ат салышып, мелдеш кызуу уланууда.

Спорт-ден соолуктун булагы, Ийгилик- ынтымактын башаты демекчи аталган иш-чара атайын иш пландын негизинде Нарын ОИИБгы тарабынан өткөрүлүүдө


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД