Кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн үч жаштагы кызды таап, ата-энесине жеткиришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 14-октябрында болжол менен саат 16:30 чамасында "102" кызматына "Панфилов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде кичинекей кыз жоголду" деген маалымат келипе түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1996-жылы туулган Э.А. аттуу айым 2018-жылы туулган К.Х. аттуу кызы ойноп үйдөн чыгып кеткендигин айтып, издеп таппай жаткандыгын кабарлаган.
Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде адашып жүргөн үч жашар кызды таап, апасына сак-саламат жеткирип беришкен.
Өз кезегинде кыздын апасы кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.