Нарында милиция улгайган адамдардан кабар алды

Нарын ОИИБдин өздүк курамы улгайган адамдардан кабар алышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Карысы бардын-ырысы бар" демекчи, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын шаар, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, ардагерлер кеңешинин төрагалары 1-октябрь - Эл аралык карылар күнү жана 2022-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин "Улгайган курактагы адамдарга камкордук" аталыштагы бир айлык акциянын алкагында облус аймагындагы кары адамдардан кабар алышты.

Өздүк курамдын өздөрүнүн демилгелери менен чогулткан акча каражатына күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк баштыктары алынып, 10го чукул эмгек ардагерине жана 100 жаштан өткөн карыялардын үйлөрүнө барып тапшырылып берилди.

Нарын милициясы карыяларга көрүлүп жаткан мындай камкордукту жыл сайын салтка айлантып өткөрүп келишет.

Убагында эли үчүн эмгек кылып, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлерге күтүүсүз берилген материалдык жана моралдык жардамды кубануу менен кабыл алышып, ак батасын беришип, ыраазычылык билдирип өтүштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД