Өлкөгө учакты мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды

"Манас" бажысынын кызматкерлери учакты мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Манас" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2020-жылдын 14-декабрында Рахимярхан (Пакистан) – Бишкек каттамы боюнча Кыргызстандын аймагына "В" компаниясына таандык (инициалдар өзгөртүлгөн) ИЛ-76 аба учагы келгени аныкталган.

Бул аба учагы Кыргызстандын улуттук каттоо белгисин ыйгаруу менен жарандык авиация органдарында катталган жана жарандык аба учактарынын реестрине киргизилген.

ЕАЭБдин бажы мыйзамдарына ылайык, аба учагы КР аймагына келгенден кийин андан ары белгилүү бир бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу менен бажы операцияларын өткөрүү каралган. Бирок, бул аба учагы боюнча бажы операциялары жана башка бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу жүргүзүлгөн эмес. Жыйынтыгында мамлекетке 10 млн 637 миң 983 сом зыян келтирилген.

Бул факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД