Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан орусиялык жарандар аман-эсен табылды

Ысык-Көл районунан үч куткаруучу Арал капчыгайына кетип, дайынсыз болуп жаткан орусиялык эки жаранды 16-октябрда аман-эсен таап, куткарып калышты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-октябрда Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга чыгышкан Орусиянын эки жараны байланышка чыкпай, дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган капчыгайга Ысык-Көл районунан төрт куткаруучу унаа менен чыккан. Болжолдуу жайгашкан даректен аталган эс алуучуларды табышкан эмес. Мындан улам жерге жарык киргенде издөө-куткаруу ишин улантуу үчүн болжол менен саат 4тө кайтып келишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД