Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык топторунун жолугушуусу өттү

Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар жетишилген макулдашууга ылайык, 2022-жылдын 10-октябрынан 15-октябрына чейин Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынын калган тилкелерде өтүшү боюнча пикир алмашып, Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда талкууну улантууну макулдашышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД