Бишкекте маршруткада жүргүнчүнүн капчыгын уурдаган чөнтөкчү кармалды

Кайгуул кызматкерлери уурдоого шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 16-октябрында болжол менен саат 18:30 чамасында "102" кызматына Курманжан датка жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен капчык уурдалды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты такатаганда, 1998-жылы туулган М.Л. аттуу жаран кайгуул кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү ошол эле даректен маршурттук унаанын ичинен белгисиз жаран арыз ээсинин капчыгын жашыруун түрдө уурдап алган. Анын ичинде паспорту, айдоочулук күбөлүгү жана 5500 сом өлчөмүндө акчасы болгон.

Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе, кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган А.И. аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнин Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн жеткиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД