Түзөтүү мекемесинде көз жумган кызматкерлердин элесине арналган турнир өттү

№19 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери каза болгон кесиптештерин эскерип волейбол боюнча мелдеш өткөрүштү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын №19 түзөтүү мекемесинде (Чүй облусу, Сокулук району) кызмат учурунда каза болгон кесиптештеринин урматына волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Бул эскерүү иш-чарасынын алкагында мекеменин башчысы, и/к полковниги Арстан Байсынов жамаат алдында сөз сүйлөп, өз өмүрүн тобокелге салып, милдетин аягына чейин аткаргандардын элеси тарыхта түбөлүккө сакталышы канчалык маанилүү экенин баса белгиледи.

Турнирге 8 команда катышып, кызыктуу жана жакшы координацияланган оюнду жогорку деңгээлде көрсөтүштү.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр татыктуу кубок, медалдар, грамоталар жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Ошондой эле көрүүчүлөрдөн эң жогорку баага ээ болгон мыкты оюнчулар аныкталып, сыйланышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД