Кыргызстанда бир жумада COVID-19дун жаңы 84 учуру катталды

Кыргызстанда бир жумада, 10-16-октябрда, COVID-19дун жаңы 84 учуру катталган. Бул тууралуу КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Алардын ичинен 12 адам ооруканага жаткырылган, калган 72си амбулатордук дарыланууда.

2022-жылдын 17-октябрына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул республикада эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин билдирет.

2022-жылдын 9 ай 16 күнүндө COVID-19дун 21 586 учуру катталган, анын ичинде 19 579 (90,7 учур лабораториялык түрдө жана 2007 учур (9,3%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД