Мурунку аялын бычактап өлтүрүп Өзбекстанга качып кеткен жаран кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн оперкызматкерлери тарабынан Ош шаарында өзүнүн мурдагы аялын бычактап өлтүрүп качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, адам өлтүрүүгө шектүү 1990-жылы туулган Ж.И. коӊшу Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусунун аймагынан, жергиликтүү укук коргоо органдары менен биргелешкен издөө иш аракеттеринин натыйжасында өткөн жумада колго түшүрүлүп, Ош шаарына алынып келинди. Учурда анын үстүнөн адам өлтүрүү беренеси (122-берене) менен кылмыш иши тергелүүдө.

Кылмыштуу окуя Ош шаарынын ушул жылдын 3-октябрында катталган. Шектүү 1990-жылы туулган Ж.А. өзүнүн мурдагы аялын өлтүрүү максатында ал жашаган үйгө барып, аялды бир нече ирет денесине бычак сайып, изин жашырып кеткен. Жабырлануучу 1998-жылы туулган аял окуя болгон жерде көз жумган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД