Бишкек жана Ош шаарларындагы жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн абитуриенттерге кышкы жалпы республикалык тестирлөө өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, кышкы тестирлөө 2022-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин болот.
Жалпы республикалык тестирлөөгө жашаган жери боюнча каттоо 17-октябрдан 27-октябрга чейин райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн режимде жүргүзүлөт. Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурда 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет.
Белгилей кетсек, жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.