Баткенде эвакуацияланган жарандардын 132 миңи үйлөрүнө кайтты

Баткенде эвакуацияланган жарандардын 132 миңи үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен облусунда жалпы 51 МЖД, 40 кийиз үй, 26 боз үй орнотулду.

"Баткен облусунда кампада 1 комплект кийиз үй, 31 боз үй, 2 бөлмөлүү 8 МЖД, 1 бөлмөлүү 4 МЖД, 109 чатыр, 1100 комплект керебет, матрац, жаздык, шейшеп, 140 буржуй меши, 300 электр жылыткыч сактоодо турат", - дейт ӨКМ.

Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, 661 турак үй, тактап айтканда Баткен шаарында 21, Баткен районунда 454, Лейлек району-186 жабыркагандыгы аныкталган.

Жалпысынан 1 миң 636 тонна гумжардам келип түшкөн. Анын ичинен 322 тоннасын ӨКМ, 1134 тонна жарандар өз күчү менен жеткиришкен. Кампада 180 тонна гуманитардык жардам турат. Бүгүнкү күндө кампада 136 тонна ун, 12 тонна макарон азыктары, 2 тонна кум шекер, 20 тонна суу май, 1 тонна күрүч, 1 тонна туз, 100 блок иче турган суу, 200 кг чай резервде турат. Ал эми ӨКМге караштуу Материалдык резервфондунда Кара-Суу районунда 150 тн ун, 100 тн кум шекер, Кызыл-Кыя шаарында 200 тн суу майы, 200 тн кумшекер сакталып турат.

Атайын эсебине түшкөн сумма 320 млн 060 миң 289 сомду түзгөн. Бүгүнкү күндө жабыр тарткан 311 жаранга жогоруда ааталган суммадан 200 миң сомдон бөлүнүп берилди.

Мындан сырткары Баткен, Лейлек райондоруна жабыркагандарга жалпы 13 миң 870 тонна көмүр түшүрүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД