Тажикстандан контрабандалык жол менен кирген 2 млн 750 миң доллар алынды

Баткенде Тажикстандан контрабандалык жол менен кирген 2 млн 750 миң доллар алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-октябрда Кара-Бак айылынын 41 жаштагы Т.А.М аттуу тургуну башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны тинтүү учурунда желим баштыктарга таңгакталып алты брикет жана Тажикстандан контрабандалык жол менен кирген 2 млн 750 миң доллар табылып алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар болушу мүмкүн болгон Кыргызстандын төрт жараны кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүмүндө ("Экономикалык контрабанда") каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери козголгон.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө жана ыкчам аракеттер көрүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД