COVID-19: ВА.4.6 "Аэтерна" варианты ушул күздө басымдуулук кылышы мүмкүн

Коронавирустун жаңы варианты ВА.4.6 "Аэтерна" ушул күздө басымдуулук кылышы мүмкүн. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай бүтүмгө америкалык эксперттер келишкен, алар АКШ ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун маалыматтарын талдап чыгышкан. Бул маалыматтарга ылайык сентябрдын алгачкы жумасында коронавируска чалдыгуу учурларынын 2,3% ВА.4.6. вариантына туура келсе, өткөн аптада бул көрсөткүч 15% жеткен.

Эксперттер ошондой эле коронавирустун күз-кыш толкуну бир эле учурда бир нече варианттар менен козголушу мүмкүндүгүн ырасташат. Бардыгы алар бири-бирине абдан окшоштугуна байланыштуу жана азыркы тапта кайсы бир варианттын басымдуу болушу байкалган жок.

Бүгүнкү күндө COVID-19ду, анын эң акыркы штаммдарын жугузуудан эмдөө гана коргой алат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД