АКШнын армиясынын делегациясы Баткен облусуна барды

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн делегациясы Баткен облусуна барды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, делегацияны КР өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Урматбек Шамырканов баштаган жетекчилик курам тосуп алды.

Эки тараптуу жолугушууда министрликтин Баткен облусунда аткарып жаткан жумуштары, ӨКМ куткаруучулары тарабынан жергиликтүү элди эвакуациялоо, гумжардам жеткирүү, тажик агрессиясынан өрттөлүп, тонолгон объектилерди тазалоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Андан соң АКШнын куралдуу күчтөрүнүн делегация өкүлдөрү менен пикир алышуу, эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүү жаатында сүйлөшүү жүрүп, министрликтин карамагындагы техникалык каражаттар, куткаруу шаймандары менен тааныштыруу учурунда делегация өкүлдөрү куткаруучулар менен пикир алышып, алардын баатырдыгы, гумандуу кесипти тандагандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД