Бишкектин мэриясы унааларды дарактардын түбүнө калтырбоону эскертет

Бишкектин мэриясы унааларды дарактардын түбүнө калтырбоону эскертти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Унааларды дарактардын түбүнө калтырбаңыздар. Жамгыр дарак бутактарынын салмагына таасирин тийгизет.

Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объектилердин алдына токтотпоону өтүнөт.

Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуз, анда "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын 0312 32-62-33, 0504 21-06-00 номурларына жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна: 1840 жана 1850 номурларына кабарлаңыздар. Ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554 18-21-85 номерине жөнөтүңүздөр", - деп жазылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД