Кадамжайда милиция мал базардагы уурулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Кадамжайда милиция кызматкерлери мал базардагы уурулуктун алдын алууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБдин милициянын аймактык тескөөчүлөрү көчмө кабылдама унаасы менен Кадамжай районунун жайма жана мал базарларын кыдырып, элдерди кабыл алып, кылмыштуулукту болтурбоо, ар түрдүү чөнтөк кесер ууруларынан сак болуусу түшүндүрүлүп, ошондой эле мал уурулуктун алдын алуу максатында сарайларына жарыктандыруу видео байкоолорду орнотуу, эшиктерин бекемдөө боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.

Мындан сырткары жарандарга милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө, айыл жергесинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды болтурбоо, мал уурулуктун алдын алуу, жаш балдарды көзөмөлдөө боюнча эскертүүлөр берилди.

Кадамжай РИИБнын милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде үзгүлтүксүз иш алып барып, район тургундарына сервистик тейлөөлөрдү убагында жүргүзүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД