Ноокенде милициянын жаңы 3 имараты жана спорт аянчасы ачылды

Ноокенде милициянын жаңы 3 имараты жана спорт аянчасы ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, элге сервистик тейлөө көрсөтүү, чек арага жакын аймактарда кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу жана ден-соолугуна кам көрүү максатында Ноокенде милиция үчүн жаңыдан салынган 4 курулуш объектисинин ачылышы болду.

Алар Достук аймактык милиция бөлүмчөсү, Момбеков айыл аймагындагы милициянын аймактык пункту, райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн имараты жана РИИБдин кичи футбол аянтчасы. Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаев, Ноокен районунун акими Ишенбеков Таалай жана айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү тургундар жана бийлик өкүлдөрү катышышты.

Аталган имараттардын ачылышында Абсаттар Сыргабаев сөз сүйлөп, "Бийлик тарабынан милиция үчүн кам көрүлүп жатат, бардык жасалып жаткан иштер алардын ишмердүүлүгүндө оң натыйжа берет деп ишенемин. Ар дайым эл кызматында ар кандай укук бузууларды болтурбай жакшы иштей беришиңерге тилектешмин"-деп жакшы каалоо-тилектерди айтып өттү. Ал эми Ашим Тагаев бул имараттар заманбап талаптар менен курулуп, калкка кызмат көрсөтүүдө жана сервистик тейлөөдө кызматкерлер үчүн мыкты шарттар түзүлгөндүгүн, райондун борборунан алыс жайгашкан жердеги тургундардын көйгөйлөрү жеринде чечилерин, бул үчүн ИИМ тарабынан атайын штаттар каралып, толук кандуу ишке берилгендигин айтты. Андан сырткары ал кылмыштуулуктун алдын алууда жана болтурбоодо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо кызматкерлер талыкпай эмгектенерин баса белгиледи. Ошондой эле имараттарды курууга салымын кошкон жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тургундарга ыраазычылык билдирип, ИИМдин, ОИИБдин жана Ноокен РИИБи тарабынан даярдалган сыйлыктары тапшырылды.

Ошондой эле Ноокен районунун акими жана жергиликтүү айыл өкмөт башчылары сөз сүйлөшүп, жакшы каалоо-тилектерин жана мындар ары да милицияны колдоорун, биргеликте эл үчүн кызмат көрсөтөөрүн билдиришти.

Аны менен катар жергиликтүү тургундар да милиция үчүн ушундай замапбап имараттар курулуп шарттар жакшырып жаткандыгына ыраазы экендигин жана милиция коомдук тартипти көзөмөлдөп, элге жакын болуп жаткандыгын айтып, милициянын иштерине ийгилик каалап, аксакалдар ак баталарын беришти.

Белгилей кетсек, жогорудагы имараттарды жана спорт аянтчасын куруу иштери республикалык бюджеттен, жергиликтүү айыл өкмөтү жана Ноокен райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД