Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 10-майынан тартып "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясын өткөрүүдө. Лотереянын негизги максаты – жарандарды кассалык чектерди талап кылууга кызыктыруу жана бул аркылуу көмүскө бизнести кыскартууга көмөктөшүү.
Лотерея Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүлүп, 2022-жылдын 31-декабрына чейин уланат.
Лотереянын үчүнчү жыйынтыктоочу утушу – ушул жылдын 31-декабрында өтөт.
Эске салсак, биринчи утуш 1-июлда, экинчи утуш -жылдын 1-октябрда болуп өткөн.
Биздин каналдын эмгек жамааты бул ирет Сокулуктун тургундарынан соода кылган учурда дүкөн ээлеринен чек талап кылышабы же кылышпайбы, ошол тууралуу сурамжылоо кылдык.