Кубакы ашуусунда бардык унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилди

Нарын облусунун Кубакы ашуусунда аба ырайы калыбына келгенге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда баардык унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, азыркы учурда Кубакы ашуусунун айланасындагы жолдордо жааган кардын калыңдыгынан баардык унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилип, каттам Балыкчы шаары аркылуу уюштурулду.

Ошондой эле Чүй облусунун Төө-Ашуу, Талас облусунун Өтмөк жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бел ашуулары аркылуу каттамда оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына азыркы учурда чектөөлөр алына элек. Аталган ашууларда жолду тазалоого бардык керектүү техникалар тартылып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн инерттүү материалдар төгүлүүдө.

Жогоруда көрсөтүлгөн ашуулар аркылуу каттамдагы айдоочуларды кардын чынжырын алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого (пробка болгон учурда), тыгын болгон жерге атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөктөр менен жүрбөөгө жана унаалардын ортосунда 500 метр коопсуз аралыкты сактоого чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД