Чүйдө башка бирөөнүн жерин 60 миң долларга сатып жиберген аял кармалды

Жер тилкелерине байланышкан алдамчылыкка шектүү катары аял киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Чүй облусунун тургуну ички иштер органдарына кайрылып, алдамчылыктын курмандыгы болгонун билдирген. Жабырлануучу 22-сентябрь күнү Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынан жер тилкелерин чала тааныш аялдан 60 миң АКШ долларына сатып алган. Кийинчерээк ал башка бирөөнүн жерин жасалма паспорт менен сатып алганы аныкталган.

Аталган факты КБРге катталып, Аламүдүн РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул факты боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жогорудагы кылмыш ишине алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн, мурда бир нече жолу соттолгон 1972-жылы туулган Э.Ж. аттуу жарандын (аял киши) катышкандыгы аныкталды.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнүн жүргөн жерин аныкташып, 17-октябрда Бишкек шаарындагы туугандарынын үйүндө жашынып жүргөн жеринен кармашкан. Кошумчалай кетсек, бул жаран ушул сыяктуу көптөгөн фактыларды жасаган деп шектелип, былтыр ноябрда ага издөө жарыяланган.

Учурда ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД