Бишкекте түнкү клубда киши өлтүргөн деп шектелип 7 адам кармалды

Кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү катары 7 жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 17-октябрда болжол менен саат 02:15 чамасында "102" кызматына "Чыгыш 5" дарегинде жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде "жаран киши колдуу болуп өлдү"-деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, азият түспөлүндөгү болжолдуу жашы 30-35 курактагы жаран жерде киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган.

Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе, кылмышка шектүү катары 1990-туулган А.А., 1995-жылы туулган А.Д., 2002-жылы туулган О.А., 1974-жылы туулган А.Л., 1998-жылы туулган А.А. (кыздар) жана 1992-жылы туулган А.Н., 2000-жылы туулган С.У., (балдар) жалпысынан 7 жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткиришкен.

Шектүүлөрдүн айтымында адам өлтүрүү мушташуудан улам келип чыккан. Тагыраагы маркум чогу отурган бир кызды сабап салгандыктан, ал башка жарандардын катышуусу менен топтошуп, ошол жаранды өлтүрүшкөндүгүн айтышкан.

Бул факты Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД