Өзгөн районунда мектеп окуучулары мушташып, бир өспүрүм каза болду

Оштун Өзгөн районунда мектеп окуучулары мушташып, бир өспүрүм каза болгонун Ош облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-октябрда саат 13:35тер чамасында Өзгөн райондук милициясына Куршаб аймактык ооруканасынан кабар келип түшкөн. Анда Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын 14 жаштагы И.К. аттуу тургуну денесинен жараат алып кайрылгандыгы тууралуу айтылган.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, алгачкы териштирүү иштери башталган.

Өзгөн райондук милициясынын ыкчам маалыматына ылайык, 16-октябрда болжол менен саат 10:00дө Өзгөн районунун Киров айылынын кире бериш жериндеги жардын түбүнөн өспүрүм жараат алган абалда табылган. Алган жараатынан улам Ош облустук ооруканасына жеткирилип, 17-октябрь күнү ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

Эмне себептен каза болгондугун аныктоо максатында маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө маалым богондой, 15нен 16-октябрга караган түнү Киров менен Шагым айылдарындагы мектептин 9-10-класстарынын окуучулары пикир-келишпестиктен улам мушташып кетишкен. Киров айылынын балдары мушташ болгон жерден качып бара жатып жабырлануучу бийиктиктен түшүп кеткендиги аныкталган.

Учурда күбөлөр суралып, иликтөө иштери улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД