Кыргыз-өзбек көп тараптуу кызматташтыгын тереңдетүүнүн келечеги талкууланды

2022-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – Инвестициялар жана тышкы соода министри Жамшид Ходжаев видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин маалыматына ылайык, кеңейтилген форматта өткөн тараптардын диалогуна эки өлкөнүн министрликтери менен ведомстволорунун, тармактык ишканалардын жана дипломатиялык өкүлчүлүктүн жетекчилери дагы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө өнөр жай ишканалары, айыл чарба, транспорт жана логистика тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, эки тараптуу иш-чараларды өткөрүүгө арналган уюштуруу иштеринин аспектилери боюнча пикир алмашуу болду.

Атап айтканда, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жаатында айыл чарба машиналарын, автомобилдерди, курулуш материалдарын жана кальций карбидин өндүрүүнү уюштуруунун келечектеги багыттары талкууланды. Анын алкагында чек ара аймагында Өнөр жай кооперация борборун жана текстиль комплексин түзүү, кубаттуулугу 6,7 МВт болгон "Көк Арт" кичи ГЭСин куруу маселелери да каралды. Инвестициялык келишимдердин пакетин иштеп чыгууну тезирээк аяктоо боюнча макулдашууга жетишилди.

Айыл чарба тармагында кызматташууну арттыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, тараптар азык-түлүк жана үрөндүк картошканы бирге өстүрүүнү уюштуруу, мал чарба комплекстерин түзүү, ошондой эле айыл чарба продукцияларын, күнөсканаларды жана жүн продуктыларын өндүрүү боюнча сырьелорду жеткирүү боюнча кызматташууну активдештирүүнү макулдашышты.

Транспорт жана логистикалык кызматташуу жаатында жүргүнчүлөрдү автобус жана темир жол менен ташууну жандандыруу, эки өлкө ортосундагы аба каттамдарынын санын көбөйтүү, Эркештам - Дароот-Коргон – Үч-Коргон автожолун куруу маселелери талкууланды. Бул багытта бардык зарыл чараларды көрүүгө даярдык бар экендиги айтылды.

Мындан сырткары, тараптар өзгөчө тартипте эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-өзбек Өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумун жана Бишкек шаарында эки өлкөнүн облус башчыларынын катышуусунда бизнес-форумду өткөрүү маселелерин карашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди жана демилгелерди ишке ашырууну тездетүү максатында өз ара аракеттенүүнү улантууга милдеттенмелер айтылды.

Өзбек тарап бир тууган эки өлкөнүн ортосундагы бизнести жана жакшы кошуналык мамилелерди өнүктүрүүгө абдан кызыкдар экендигин билдирди. Өз кезегинде кыргыз тараптын дагы жемиштүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгы айтылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД