5 облустук ооруканага компьютердик томографиялар берилди

Дүйнөлүк банктын эки долбоорунун алкагында КР Саламаттык сактоо министрлиги диагностикалык процедуралар үчүн 5 компьютердик томография сатып алынды.

Министрликтин маалыматына ылайык, компьютердин томографиялар Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустук бириккен ооруканаларына берилди.

"Бүгүнкү күндө диагностикалык медициналык жабдууларды орнотуу үчүн зарыл болгон бардык даярдык иштери жеринде бүткөрүлүп,компьютердик томографияны орнотуу процесси жүрүп жатат. Жаңы медициналык жабдуулар ар кандай текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, анын ичинде COVID-19дан кийинки татаалдыктарга диагноз коюуга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, сатылып алынган жабдыктардын аркасында жергиликтүү дарыгерлер оорулардын динамикасын көзөмөлдөп, диагнозду аныктоо үчүн башка клиникаларга жөнөтпөстөн, түз эле ооруканада текшерүү жүргүзө алышат", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД