Министр кыргыз-тажик чек арасына ЖККУнун күчтөрүн жайгаштырууну сунуштады

Кыргызстандын Коргоо министри Бактыбек Бекболотов кыргыз-тажик чек арасына ЖККУнун күчтөрүн жайгаштырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Министр бул сунушун ЖККУнун башкы катчысы менен талкуулагандыгын белгиледи.

"Ортодого алар турмайын тынчтык болбойт. ЖККУнун чакан тобу жайгашып, бир нече маселени чечсе болот: ок атууну токтотуу, оор техниканы алып чыгып кетүү. Андан ары чек араны делимитациялоо иштерин ишке ашырылышы керек", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД