Чыңгыз Айдарбеков комитет башчылыгынан кетүүгө даяр экенин билдирди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагалык ордун тапшырууга даярдыгын билдирди.

Ал Кемпир-Абад маселеси каралган комитеттин жыйыны регламенттин алкагында өткөнүн белгиледи.

"Кечээ менин баардык документтерди көргөнүмдү айтып чыгышты. Калп. Аны биринчи сектордун жетекчиси тактай алат. Протокол менен картаны депутаттар талап кылышкан. 10-октябрда бир документти, 11-октябрда экинчи документти алып келип беришти. Алардын баарын жакшылап окубай туруп эле кайтарып берүүбүздү талап кылышты", - дейт Чыңгыз Айдарбеков.

Депутат президент менен жолуккандыгын билдирди.

"Садыр Жапаров сүйлөшүүгө даярдыгына ынандым. Бирок чечим баары бир тарыхта калат. Биз баарыбыз өлкө үчүн күйөбүз. Кошоматчылар эртең саткындар болушу ыктымал", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД