Кыргызстанда жети миллионунчу жаран жарыкка келди

Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статкомдон ымыркай кайсы облуста төрөлгөндүгү тууралуу толук маалыматты түштөн кийин бере тургандыктарын кошумчалашты.

Статкомдун баалоосу боюнча, 2022-жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 млн 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн.

Эскерте кетсек, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД