Баткенде алдамчылык менен издөөдө жүргөн жаран Оштон кармалды

Алдамчылык менен издөөдө жүргөн жаран Оштон кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Сумбула айылынын тургунун эки баш уюн мал базарда 2021-жылдын декабрь айында Ош шаарынын 58 жаштагы Б.А. аттуу тургуну 78000 сомго баалап алып, акчасын бербей качып жүргөн.

Бул факты боюнча арыздануучу 2022-жылдын 18-июнь күнү милицияга арыз менен кайрылган.

Арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Б.А. сот жообунан качып, сотко келбей качып жүргөн.

2022-жылдын 17-октябрь күнү издөөдө жүргөн Б.А. Ош шаарынан Лейлек РИИБнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Азыркы учурда сот иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД