Каракол шаарындагы СИЗОнун кызматкерлери муктаж кары-картаңдарга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 "Балдарды, карыларды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын белгилөө жөнүндө" токтомун аткаруу максатында, №23 мекеменин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматы тарабынан калктын аярлуу категорияларына кайрымдуулук жана тиричилик жактан жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.
Камкордукка муктаж карылардын тизмеси Каракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмү тарабынан берилди. Тизмеде жалгыз жашаган 4 жаран, анын экөө мүмкүнчүлүгү чектелген, ошондой эле эки жаш баласы бар жалгыз бой эне бар.
Аларга гуманитардык жардам катары тамак-аш, самын жана жуучу каражаттар, андан тышкары дары-дармек сатып алууга каражат беришип, ошондой эле үй иштерине жардамын еөрсөтүштү.
Мекеменин кызматкерлери тарабынан чогулган 9000 сомдун эсебинен 5 мекендешибизге тамак-аш берилди.