12 миңдей мамлекеттик кызматкердин салык декларациясы прокуратурага берилди

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 2021-жылдагы салык декларацияларын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча иштердин алдын ала жыйынтыктарын чыгарды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 58 миң 930 декларация, анын ичинде саясий, жогорку административдик жана атайын кызмат орундарын ээлеген адамдардын 1 миң 413 декларациясы иштелип чыкты жана талданды.

Талдоонун жыйынтыгында декларацияланган активдер менен башка булактардан алынган маалыматтардын ортосунда айырмачылыктары бар декларанттар боюнча тиешелүү корутундулар прокуратура органдарына берилди, ошондой эле башка мыйзам бузуулар аныкталган.

Алсак, юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына 12 миң 844 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерге карата маалыматтар жана корутундулар берилген.

Анын ичинен 5 миң 300 декларант декларация тапшырган жок, 1 миң 792си мыйзамда белгиленген мөөнөттү бузуу менен, ал эми 5 миң 752си анык эмес маалыматтар менен тапшырган.

Жалпысынан 2022-жылдын 1-октябрына карата салык органына 58 миң 930 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларациялары электрондук түрдө тапшырылган. 4886 адам такталган декларацияны 30-июнга чейин тапшырышкан.

Эске салсак, 1-апрелде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктап, 30-июнга чейин алар такталган декларацияны тапшырууга укуктуу болчу.

1-июлдан баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларацияларын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

Декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан, коммерциялык банктардан эсептешүү жана башка эсептердин бар экендиги, ошондой эле мамлекеттик органдардан компаниялардын уставдык капиталында үлүштүн, акциялардын жана баалуу кагаздардын ж. б. болушу жөнүндө суроо-талаптар жөнөтүлгөн жана тиешелүү маалыматтар алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД