ЖАКда өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди сыйлоо аземи болду

Жакында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын борбордук аппаратынын жыйындар залында бир нече жагымдуу окуялар болуп өттү. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, көп жылдар бою чогуу иштешкен кесиптештерин ЖАКнын жетекчилигинин жана кесиптештеринин жылуу сөздөрү менен бүтүндөй жамааттын алдында татыктуу эс алууга узатуу, чын жүрөктөн урмат көрсөтүү жакшы салт болуп калды.

Ошентип бул жолу пенсионер болгон эки кызматкер сыйланды. Булар и/к полковниктери Айнура Идрисова менен Айнура Сыргатаева. Алардын ар бири жаза өтөө тутумунда иштеген өз тармагында өздөрүнүн эбегейсиз салмактуу оорду бар кызматкерлер.

Аларга баалуу белектер жана гүлдөр менен катар "Ардагер" медалдары салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган ЖАКнын кадрлар бөлүмүнүн башчысы, и/к капитаны Төлөн Койчуманов да кол чабууларга татыктуу болду.

Ал эми ошол эле залда чогулган жамаат No8 түзөтүү мекемесинин кызматкери, и/к майору Нурбек Сатиевди куттукташты. Ал Өзбекстандын Бухара шаарында өткөн Combat jiu-jitsu мелдешинде жеңишке жетишип, Азия чемпионунун куруна ээ болсо, эми 1-даражадагы "Кайрат" медалы да анын сыйлыктарына кошулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД