Бишкектин жол кыймылынын жаш инспекторлору Анапага жөнөп кетишти

Бишкектин жол кыймылынын жаш инспекторлору Анапага жөнөп кетишти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Россия Федерациясынын Краснодар крайынын Анапа шаарында "Смена" балдар борборунун базасында жол кыймылынын жаш инспекторлорунун он жетинчи эл аралык слету өтөт.

Ага Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн эң мыкты жол кыймылынын жаш инспекторлору катышат. Бул жолу Кыргыз Республикасынын намысын Бишкек шаарындагы №1 мектеп-интернатынын жол кыймылынын жаш инспекторлорунан түзүлгөн "Радар" отряды коргойт. Алар жетинчи-сегизинчи класстын окуучулары Абдыманапов Нурдин, Жанышева Нурайым, Абдыллаев Солтобай, Камалова Гулнур. Буга чейин Анападагы слетко Бишкектеги №1 гимназия-интернатынын тайпасы 2014-2016-жылдары да катышып келишкен.

Слетту салттуу түрдө аталган ведомство тарабынан 2004-жылдан бери жол кыймылынын жаш инспекторлор кыймылын жайылтуу, КМШ өлкөлөрү менен кызматташтыкты чыңдоо жана балдардын жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында Россия Федерациясынын ИИМи жана өлкөнүн Эл агартуу министрлиги менен биргеликте өткөрүлүп келет.

Иш-чаранын жүрүшүндө тегерек столдор, жолугушуулар, семинарлар, балдардын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана тажрыйба алмашуу боюнча лекциялар, мастер-класстар өтөт.

КМШ мамлекеттеринин өкүлдөрү жашы жете электердин катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдорун талкуулоо менен командада иштөө принциптери боюнча тренингдерди өткөрүшөт.

Бишкектик жаш инспекторлор КМШнын башка өлкөлөрүнөн келген балдар менен бир команда болуп чыгышат.

Отряд өзүнүн мугалими, команданын жетекчиси Пулат Качкыналиев менен бирге спорттук мелдештерге, чыгармачылык конкурстарга, бий жана вокал боюнча мелдештерге катышат.

Кечээ, Кыргыз Республикасынын ИИМдин өкүлдөрү эл аралык слеттун катышуучулары менен жолугушуп, балдарга ак жол жана жеңиш каалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД