Токмок милициясы базарларда уурулуктун алдын алуу боюнча чараларды көрүүдө

Милиция кызматкерлери Токмок шаарындагы базарларда уурулуктун алдын алуу боюнча чараларды көрүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка карганда, үстүбүздөгү жылдын 19-октябрь күнү Токмок шаардык милиция кызматкерлери тарабынан шаардын аймагында жана "Мүрөк", "Ак-Тилек", "Булак" базарларында, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча, анын ичинен: өзгөчө чөнтөк уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чаралары жүргүзүлдү.

Ошондой эле, мал уурулуктун алдын алуу максатында, жарандарды малдарды талаада кароосуз калтырбоону, андан тышкары, мал сарайлардын уурулукка каршы болчу сапатын жогорулатуу, видеобайкоо камераларын орнотуу боюнча иштер уюштурулду. Ошондой эле, коомдук тартипти сактоо боюнча көчөлөрдө жана коомдук жайларда кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө, үй-бүлөлүк зордук зомбулуктарды болтурбоо, ата-энелер тарабынан жаш балдарды көзөмөлдөө боюнча эскертүүлөр берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД