Белгилүү куудул Асанкул Шаршеновдун айкели ачылды

Бүгүн, 20-октябрда, Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнө караштуу Жал айылында белгилүү куудул Асанкул Шаршеновдун айкели ачылды. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Белгилүү куудулдун айкелинин ачылуу аземине Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жетекчиси Кыргызбай Осмонов жана Саламат Садыкова, Келдибек Ниязов сыяктуу белгилүү маданият ишмерлери катышууда.

Айкелди Жал айылынын мектебинин 1982-жылкы бүтүрүүчүлөрү жасаттырышкан.

Эске салсак, Асанкул Шаршенов 1927-жылы Сары-Өзөн Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Жал айылында туулган.

1950-жылы Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониянын хоруна солист болуп орношкон. Хордо иштеп жүргөндө Асанкулдун куудулдукка шыктуулугу байкала баштайт. Куудулдук кесип биротоло дилин ээлеп алгандыктан, 1962-жылдан тартып филармониянын юмор жана сатира жанрынын артистигине өтөт. Ушундан баштап, Асанкул бүтүн кыргыз элине бирөөнү туураса алдына жан чыгарбаган куудул катары таанымал болот.

1987-жылы куудулга Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамы берилген.

Ал 1993-жылы 66 жашында көз жумган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД