Кадамжайда ата-баланы өлтүргөндөрдүн бири кармалып, экинчиси өлтүрүлдү

Кадамжайда түнчүндө ата-баланы өлтүрүп кеткен шектүүлөр милиция кызматкерлерине карата куралдуу каршылык көрсөтүшкөн. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 2022-жылдьн 18-октябрында саат 22:00 чамаларында Кадамжай районунун Марказ айыл аймагындагы үйгө белгисиз атуулдар киришип, 1961- жылы туулган Ш.К. аттуу жаранды жана анын уулу 1992-жылы туулган К. уулу Р. белгисиз ок атуучу курал менен атып өлтүрүп, андан кийин К.Шнын жубайы 1963-жылы туулган Ш.М.ны белгисиз катуу буюм менен башына жана колуна уруп, жараат келтирип, короодогу мал сарайын өрттөп салышып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткендиги аныкталган.

Натыйжада, К.Ш. менен К. уулу Р. денелеринен алган жарааттарынан улам, окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми М.Ш. денесинен жараат алып, Кадамжай жалпы дарыгерлер практикалык борборуна кайрылган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122- бер. 2-бөл. 1-п., 7-п. жана 16-п. каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышты 1994-жылы туулган А.уулуФ. менен бирге 2003-жылы туулган Б.А. жасагандыгы аныкталып, издерин жашырып качып жүрүшкөн.

Андыктан, 2022-жылдын 22-октябрында райондук ИИБнүн өздүк курамы тарабынан ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү учурунда, Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Сарыбай айылындагы жаңы курулуп жаткан мечиттин чатырынын ичинде эки жаран ок атуучу курал менен жаткандыгын ошол мечитте иштеп жатышкан усталар көрүшүп, жакын жашаган жарандарга билдиришкен.

Бул маалыматты тактоо үчүн милиция кызматкерлери тез арада барган учурда, белгисиз эки жаран ок атуучу курал менен каршылык көрсөтүшүп, Марказ айыл аймагынын Сарыбай айылынын үстүндөгү түштүк-чыгыш тоо тарапка качып жөнөшкөн.

Аларды кармоо максатында Кадамжай РИИБдин өздүк курамы, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана ИИМдин Ош облусу боюнча атайын багыттагы полкунун 3-батальонунун кызматкерлери артынан кууп барышып, куралдуу каршылык көрсөтүү кылбастан өз ыктыярлары менен багынып берүү жөнүндө катуу үн чагыруучу (громкоговоритель) жабдык менен эскертүүсүнө карабай, милиция кызматкерлери тарапка ок атуучу курал менен ок чыгарып, аткылай баштаганда, 3 милиция кызматкери жаракат алышып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жиберилген.

Ал эми, кылмышка шектүү А.Б. мыйзамдуу талаптарга баш ийип, багынып, жерге жатып берген. Бирок, кылмышка шектүү А.у.Ф. өзүнүн ок атуучу куралы менен кайрадан милиция кызматкерлери көздөй атып, каршылык көрсөтө баштаган. Милиция кызматкерлери тарабынан биринчи ирет бутуна атылганына карабай куралдуу каршылык көрсөтө бергендиктен, башына ок тийип каза болгон.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө, шектүүлөр өздөрү менен бирге алып жүргөн №F6368 сандуу үстүндө сайлуу (ТОЗ-8) жана сайсыз 28 каллибрдеги кош атар болгон ок атуучу куралы, уктоочу кап(спальный мешок), эки даана кара түстөгү асынуучу сумкалардын (рюкзак) ичинде жашоого шарт түзүүчү буюмдары менен кийимдер, ок-дарылары жана окту жасоого керектүү шаймандар (порох, дробь, эки түрдүү коргошундар) табылып, далил катары алынган.

Азыркы учурда, кылмышка шектүү 2003-жылы туулган Б.А. райондук ИИБнө камсыз кылынып, алдын ала сурамжылоодо жогорудагы кылмыш ишин А.уулуФ. менен бирге жасашканын билдирди.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД