Араванда унаа уурдап качып жүргөн жаран Бишкектен кармалды

Унааны айдап качууга жана башка кылмыштарды жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын январь айынын башында белгисиз адамдар Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагынын тургунунун үйүнө мүлкүн уурдоо максатында киришкен. Шектүүлөр үй ээлеринин жоктугунан пайдаланып, короодо токтоп турган "Hyundai Porter" үлгүсүндөгү унааны уурдап кетишкен. Бул үчүн уурулар өздөрү менен кошо аккумуляторду да алып келип, машинага туташтырышкан. Жасалган кылмыштын натыйжасында жабырлануучуларга бир топ материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча ички иштер органдары тарабынан кылмыштын бетин ачууга багытталган ыкчам иш-чаралар жүргүзүлдү. Көп өтпөй кылмышка шектүүлөр аныкталып, кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка тиешеси бар дагы бирөөнүн өздүгү аныкталып, ал Ош облусунун 1983-жылы туулган тургуну М.Н. болуп чыккан. Шектүү жаран мурда бир нече жолу соттолгон жана укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн.

Анын жүргөн жерин аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын ортосунда жогоруда аталган М.Н. аттуу жаран ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалды. Кармалган жаран тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Араван РИИБге жеткирилди. Ошондой эле ал мүлктү уурдоо менен байланышкан башка кылмыштарды жасоого да шектелүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД