Милиционер Мээрим спорт менен кызматты бирге айкалыштырып келет

Милициянын улук сержанты Мээрим Нурадилова спорт менен кызматты бирге айкалыштырып келет.

Кыргыз элинде аялзаты ар дайым урматталып, үй-бүлөдө жана коомдо татыктуу орун ээлеп, аларга эне, жубай катары ар дайым аяр мамиле жасалып, ошол эле учурда баарыбызга ѳмүр тартуулап, чоң жоопкерчилик менен бала тарбиялап, үзүлгѳндү улап, улуулукту, сулуулукту, назиктикти даңазалап келет. Миңдеген жылдар көчмөн турмушту башынан өткөргөн кыргыз эли аялдардын коомдогу ордун кылымдардан бери ооздон оозго өткѳрүп сактап, элибиздин адабий, маданий мурастары катары калыптанган дастандарда, эпостордо, элдик чыгармаларда чагылдырылган. Ал чыгармаларда аялзатынын даанышмандыгы, кара кылды как жарган калыстыгы, тапкычтыгы, айлакерлиги даңазаланып, өз доорунун баатыры, каарманы болуп кыргыз тарыхында өз элинин эркиндиги жана амандыгы үчүн күрөшкөн: Жаңыл мырза, Каныкей, Айчүрөк жана Кишимжан сыяктуу эжелерибиз, эл башында Курманжан Даткадай энелерибиз ондоп саналат. Эгемендүү элибизде, атагы алыска кеткен кыргыз кыздарын бүгүн да коомдук турмуштун бардык жагынан табууга болот.

Учурда да, эр азаматтардан кем калышпаган мекен үчүн жан берүүгѳ даяр, керек учурда колуна курал кармап мырзалардан кем калышпаган кээ бир учурларда эркектерден озуп чыккан Кыргызстандын намысын коргоп желегин башка өлкөлөрдө бийик көтөргөн кыз-келиндерибиз ички иштер органдарында арбын. Алардын бири Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун милиционери, милициянын улук сержанты, эркин күрѳш боюнча спорт чебери Нурадилова Мээрим Таалайбековна. Мээрим Нурадилова полкто 2016-жылдан бери кызмат ѳтѳп келет.

Каарманыбыз спорт чөйрөсүндөгү үй-бүлѳдѳ чоңойгондуктан бала кезинен спортко кызыгып балдар менен күрѳшүп жүргѳнүн кѳргѳн атасы айылындагы машыгуу залына алып барып, спорттун эркин күрѳш түрү боюнча машыгууга берет. Ал жерде 8-класска чейин окуп, машыгып андан соң, Бишкек шаарындагы Ш. Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына тапшырып ийгиликтүү аяктаган.

"Келечек" спорттук клубунда Бакыт Шариндиевдин кол алдында машыгып, ѳжѳрлүгүн кѳргѳзүп тынбай машыгуунун артынан ийгиликтерди жаратып бир канча эл аралык мелдештерде алдынкы орундарды багындырат.

Атап ѳтсѳк, 2013-жылы Казакстандын Алматы шаарында ѳткѳрүлгѳн эл аралык мелдеште 63 кг салмакта 1-орунду, ал эми 2014-жылы Кыргызстанда ѳткѳрүлгѳн мелдеште 2-орунду багындырган. Ал эми Ысык –Кѳл облусунда жыл сайын ѳткѳрүлүп келе жаткан "Пляжная борьба" боюнча 2014-жылдан бери ѳзүнүн салмагында биринчиликти эч кимге бере элек. Ошондой эле, жыл сайын күч түзүмдөрүнүн арасында өткөрүлүп келе жаткан мелдештерге катышып бир топ ийгиликтерди жаратып келет.

Мээрим Нурадилова Ысык-Кѳл облусунун ак куусу, үй-бүлѳѳдѳ беш бир туугандын ортончусу, сүйкүмдүү жар жана бир кыздын бактылуу энеси. Бир эле учурда бала багып үй-бүлѳдѳ мыкты жар, мээримдүү эне болсо, ѳз ѳмүрүн Мекенге кызмат ѳтѳѳгѳ арнап, спорт жаатында дагы ийгиликтерди жаратып жаткан кызматкерлерибизге терең таазим демекчибиз!

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД