Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында балдар аянтчасы ачылды. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.
Балдар аянтчасы Лебединовка айыл өкмөтүндөгү Туңгуч-44га конушунда, Анкара жана Тунгуч көчөлөрүнүн кесилишине ачылган. Ага каражат айылдык кеңештин депутаттарынын көзөмөлү менен жергиликтүү бийликтин бюджетинен коротулган.